Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Орусия Грузиянын чек ара тилкесине жакын жерге аскердик учактарын жайгаштырды


Орусиянын өкүлдөрү бул чара Грузиядагы америкалык аскердик учактын Орусиянын чек арасына 30 чакырымга жакындап келгенине байланыштуу көрүлгөнүн билдиришет. Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү Николай Дерябин америкалык учак орус аймагын ушуну менен үчүнчү жолу жакын кыйгап учканын айтат. Грузия АКШнын Кипрге жана Ооганстанга бет алган учактарына Грузиянын үстүнөн өтүүгө уруксат берип, 2001-жылы Вашингтон менен атайын келишимге кол койгон. Жакында грузиянын президенти Иракка каршы согушуп жаткан Америкалык учактарга Грузиянын аба базаларын пайдаланууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG