Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Ирактын түндүгүнө түрк аскерлеринин киргизилгендиги төгүнгө чыгарылды


Түрк аскерлеринин башкы штабы бир миң түрк аскери Ирактын түндүгүнө киргизилди деген маалымат "жалган", деп билдирди. Ирактын түндүгүндө жашаган күрддөрдүн расмий өкүлү чөлкөмдө түрк аскерлеринин жайгаштырылбаганын бышыктады. Бул маалыматтар Британиянын коргоо министри Жефф Хундун "Ирактын түндүгүнө кирген түрк аскерлери абалдын бейстабилдешине бөгөт болот ", - деген билдирүүсүнөн кийин таратылды. Кечээ Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл чек ара чөлкөмүнө кирген аскерлер качкындардын агымын токтотуп, террордук аракеттерге бөгөт койо турганын билдирген. Түркия Ирактын түндүгүндө эгемен күрд мамлекетин түзүү аракетине бөгөт койууну көздөйт. АКШ Түркиянын Иракка аскер киргизбөөсүн талап кылып, бул Ирактын түндүгүндө баш аламандыктарга тамызгы болот, деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG