Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:39

Бүгүн Чеченстанда референдум өткөрүлөт


Республиканын жаңы конституциясы жалпы элдик добушка коюлат. Кечээ Грозныйда референдумга каршы чыккандар митинг уюштуруп, аскерий операциялар уланып жаткан шартта өткөрүлүп жаткан саясий кампания майнапсыз иш болорун эскертишти. Ошол эле күнү кырктан ашуун чечен жоокери курал-жарактарын тапшырышты. Референдум күнү бүткүл республика боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кечээ Грозныйда жеңил машинага коюлган бомба жарылып,андан бир киши мерт кетип,беш адам жарадар болгон эле.

XS
SM
MD
LG