Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Ирактын түндүгүндө террордук акциядан беш адам набыт болду, тогуз киши жаракат алды


Курмал кыштагына кире бериш жердеги көзөмөл-тоскун пунктуна такси келип токтоп, айдоочу кабинада отурган жеринде машинасын жардырып жиберген. Жан кечти террорчу, шаардагы күрт бийликтеринин айтымында, ал-Ислам аттуу жергиликтүү экстремисттик топтун мүчөсү болгон. Террорчунун бомбасынан көзөмөл пунктунда телерепортаж тартып жаткан австралиялык журналист да набыт болгон. Түштүк Иракта болсо британдык беш журналист жарадар болду, дагы үч кабарчы Басра шаарына бараткан жолдо жоголуп кетти.

XS
SM
MD
LG