Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Кыргызстандык журналист эл аралык конкурста жеңди


БИШКЕК. Ысыккөл облустук «Вести Иссык-Куля» гезитинин башкы редакторунун орун басары Татьяна Попова Эл аралык журналистика институту жарыялаган конкурстун жеңүүчүсү деп табылды. Швециянын Кальмар шаарында жайгашкан бул институт жыл сайын жарыялаган конкурска быйыл Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттеринен 283 журналист катышып, алардын 20 жеңишке жетишти. Алар 19-майдан 6-июнга чейин Швецияда журналистика боюнча атайын курстан өтүп кайтышат. «АКИ-пресс» маалымат агенттигинин жазганына караганда, Татьяна Поповадан тышкары бул курстан окуш үчүн Швецияга Жалалабаддан жана Бишкектен бирден журналист чакырылышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG