Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Москвада кыргыз тили үйрөтүлөт


БИШКЕК. Ушул жылдын сентябрь айынан тартып Москва лингвистикалык университетинде кыргыз тилин окутуу борбору иштей баштайт. Бул тууралуу президент А.Акаевдин орусиялык жогорку окуу жайларынын ректорлору менен ишембиде өткөн жолугушуусунда айтылды. Жолугушуу учурунда алынган маалыматка караганда, бул борбор Бишкек гуманитардык университети менен Москва лингвистикалык университетинин өз ара макулдашууларынын алкагында түзүлүүдө. Ушул эле күнү Бишкекте журналисттер менен жолугушкан учурда Орусиянын билим берүү министри Владимир Филиппов орусиялык жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдүн Кыргызстанда көп болушуна расмий Москва ынтызар экенин баса белгиледи. «Анткени мындай жагдайлар билим берүүнүн бирдиктүү мейкиндигинин, маданий жалпылыктын түзүлүшүн шарттайт», -деди В. Филиппов.

XS
SM
MD
LG