БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XIV сессиясы өз ишин 25-мартта улантып, аптанын этегине чейин жыйынтыкташы күтүлүүдө. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Нооруз майрамына байланыштуу тыныгуу жарыялаган палата Жогорку Соттун төрайымы Нэйля Бейшеналиеванын отчетуна байланыштуу токтом кабыл алууну көздөп жатат. Мындан тышкары карала турган маселелердин катарында сотторду шайлоого, салыктардан, айып санкцияларынан, үстөк пайыздардан келип чыккан карыздарды реструктуризациялоого байланышкан маселелер бар. Буга чейин палата айыл чарба азыктарын сатып өткөрүүгө кошумча нарк салыгын киргизүү жобосун кошумчалаган «Салык кодекси жөнүндөгү» мыйзамга өз пикирин билдирип, премьер-министр Николай Танаевдин, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин отчетторун уккан. Эл өкүлдөр жыйыны өзүнүн XIV сессиясын 11-мартта баштап, анын күн тартибине 35 маселе киргизген.