Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Чеченстанда референдум өтүүдө


Күүгүмгө чейин эле калктын 60% добуш бергени кабарланды.Чечен администрациясынын башчысы Ахмад Кадыров ырастандай бул бүгүнкү референдум өттү дегенди туюндурат.Чеченстандыктар референдумда республиканын Конститутциясы,ошондой эле республиканын президентин жана парламентин шайлоону караган мыйзамдарга өз мамилесин билдириши керек. Добуш берүүгө укуктуулардын тизмесинде 540 миң адам катталган. Алардын 38 миңи - Орусиянын Чеченстанда такай жайгаштырылган аскерлери.Референдумга эл аралык байкоочулар катары мусулман уюмдары менен мамлекеттеринин 20дан ашуун өкүлү катышууда. Ал эми Орусиядагы укук коргоо уюмдары менен саясий партиялардын бир тобу аскерий аракеттер уланып жаткан учурда Чеченстанда референдумдун өткөрүлүшүнө каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG