Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Чеченстанда референдум өттү


Жекшемби күнү Чеченстанда конституциялык реформа боюнча референдум өттү.
Россиянын Чеченстан боюнча министри Станислав Ильясов шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун өтө жогору баалады.
Ырасмий билдирүүлөр боюнча, алгачкы төрт саатта 540 миңдей шайлоочунун жарымынан көбү добуш берген.
Шайлоонун жүрүшүнө 30га жакын эл аралык байкоочу, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун, Араб лигасынын жана мурдакы Советтик республикалардын өкүлдөрү көз салып турду.
Орус бийликтери жаңы конституция Чеченстанда тынчтыкты орнотуу үчүн негиз болуп берет деген ишенимде. Жаңы конституция Чеченстанды Россиянын ажырагыс бөлүгү деп тааныйт.

XS
SM
MD
LG