АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд билдиргенге караганда, Ирактын лидери Саддам Хусейн куралдуу күчтөрүн канчалык деңгээлде контролдоп турганын так айтуу кыйын.
Рамсфелддин жана башка АКШлык ырасмий адамдардын сөзүнчө, бейшемби күнү таңга жуук Багдаддын четиндеги Саддам жашынчу жабыттардын бирине урулган сокку Саддамдын Ирак армиясын контролдоосун бошоңдоткон болушу мүмкүн.
Д. Рамсфелд Си-ен-ен телеканалына жекшемби күнү берген интервьюда:
- (Ирак президенти) Саддамдын өз күчтөрүн канчалык деңгээлде башкарып жатканы жөнүндө Багдадга жана (Ирактын түндүгүндөгү) Тикрит шаарына жакыныраак барганда көбүрөөк билебиз. Бирок бизге жеткен кабарларга караганда, Ирактын жетекчилигинде айрым баш аламандыктар бар.
Рамсфелддин айтышынча, Ирак непада америкалык жана британиялык аскерлерге каршы тыйуу салынган химиялык жана биологиялык куралдарды колдонсо, андан эч пайда таппайт. Андай куралдарды колдонуу Саддамдын кулашын бир аз кечеңдетет, лекин аны сактап калбайт.