Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Ош шаарындагы өрттөн жапа чеккендер тергөөгө нааразы


ОШ. Шаардын борбордук базарында 2-февралда чыккан өрттү тергөө ишине нааразы болгондорду Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев, шаардын прокурору, ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен бирдикте кабыл алып, сүйлөшүү жүргүздү. Базарчылар оокат-тирилик өткөрүш үчүн соода-сатык кылчу бардык товарларынын күйүп кеткендигин, ал чыгымды менчик жүк сактачу жайдын ээси Аманулла Иминовдун төлөп бериши күмөн туудуруп жатканын, тергөө иши эмнегедир өтө эле узакка созулуп кеткендигин айтышты. Өз кезегинде алар менен сүйлөшкөн жетекчилер тергөө 2 айга чейин созулушу мыйзамдуу экендигин, иш толук такталып бүткөндөн кийин гана сотко өткөрүлөөрүн түшүндүрүштү. Базарда чыккан өрттө 72 адамдын 2 млн. 600 миң сомдук товары күйүп кеткен.

XS
SM
MD
LG