Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:11

Жалалабадда жашыруун диний уюмдун бир нече мүчөсү кармалды


ЖАЛАЛАБАД. 24-мартта облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, облустун 6 тургуну Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайык камакка алынды. Сузактын Күмүшазиз айылынан Адылжан Изатуллаев «Ислам Халифатын» курууга чакырган 10 баракча, диний 4 китеп менен 22-мартта кармалган. «Нооруз кимдин майрамы?» деген баракчалар менен «Хизбут-Тахрир» уюмунун жалалабаддык мүчөсү Айбек Сатаров, Базаркоргон районунан Мухамадулла Мадалижинат, бир туугандар Эргешов Бахтияр менен Бахадыр колго түшкөн. 24-мартта Базаркоргондон кармалган жарандарды бошотууну талап кылып, 2 саат эшикте турган 50гө жакын адамды райондун прокурору кабыл алгандыгын «Справедливость» уюмунун Базаркоргондогу өкүлү Азизжан Аскаров кабарлады.
XS
SM
MD
LG