Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Күйүүчү майга коюла турган акциздик салык азайтылды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү аткезчиликти азайтуу максатында күйүүчү майга акциздик салыкты эки эсе азайтуу жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык бир тонна бензинге салына турган акциздик салык 3000 сомдон 1500 сомго, дизел майына карата 800 сомдон 500 сомго азайтылды. Мындан бюджет 230 млн. сомго жакын чыгаша тартат. Анын ордун күйүүчү майдын мыйзамдуу ташылышын көбөйтүү менен толтуруу пландаштырылууда.
Акыркы кезде бензинди керектөө жылына 270 миң тоннадан 340 миң тоннага чейин көбөйгөнү менен, өлкө ичинде өндүрүлгөн жана чет мамлекеттерден мыйзамдуу жол менен ташылып келинген бензиндин көлөмү азайууда. Маселен, өлкөдө өндүрүлгөн бензиндин көлөмү 72 миң тоннадан 49 миң тоннага чейин азайган. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG