БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Ирактагы согушка байланыштуу билдирүү кабыл алды. Бул күнкү жыйынга катышкан 40 депутаттын 32си колдогон билдирүүдө депутаттар согуштун чыгышына катуу кабатырлык билдиришип, эл аралык терроризм менен күрөшүү террористтердин аракеттерине үндөш чаралар менен жүргүзүлбөшү керектигин белгилешти. Дүйнөдөгү ар кандай мамлекетке же мамлекеттердин тобуна каршы күч колдонуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимине негизделиши зарыл экендигин белгилешип, алар «АКШ менен Улуу Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимисиз согуштук аракеттерге барып, эл аралык укук жоболорун бузду» деп жарыялашты.