Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Чеченстандын калкы республиканын Конституциясын кабыл алды


Жекшемби күнү референдумда алар Конституция менен бирге республиканын президентин, парламентин шайлоону караган мыйзамдарды жактырды. Шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматы боюнча референдумга добуш берүүгө укуктуу калктын 85% катышты. Конституциянын долбоорун добуш бергендердин 96% колдоду. Орусия президенти В.Путин референдумдун жыйынтыгын "чечен калкынын Орусия менен бирге тынчтыкта жашоону жана өнүгүүнү тандоосу", - деп баалады. Референдумдун жыйынтыгына Европа Биримдиги да оң мамилесин билдирди. Ал эми чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун өкүлдөрү референдумду мыйзамсыз деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG