Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Ирактыктарга Европа Биримдигинин гумманитардык жардамы таратыла баштайт


Европа Биримдиги Кызыл Чырым коому аркылуу бере турган жардам ириде Ирактын түштүк аймактарынын калкы үчүн багытталган. Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, бул максатта Кызыл Чырым коомунун эсебине 3 миллион евро которулду. Маселен, согуш аракеттеринен улам Ирактын түштүк бөлүгүндө таза суу тартыш болууда. Кызыл Чырым - Иракта иштеп жаткан аз сандагы эл аралык гумманитардык уюмдардын бири. Кечээ алар түштүктөгү Басра шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоону калыбына келтирүүгө аракеттенип жатканын, Багдаддын ооруканаларына дары-дармек жибергенин билдирген. Бүгүн уюмдун жетекчилиги согуш туткундары менен жолуктурууну өтүнүп, АКШ менен Иракка кайрыларын маалымдады.

XS
SM
MD
LG