Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ирактын түштүгүндө уруштар уланууда,түндүк аймактары бомбаланды


Дүйшөмбүдө башкалаа Багдад менен катар Ирактын түндүгүнөн Киркук жана Мосул шаарларынын чет жакалары бомбаланган. Киркукта ирактык аскерлер менен жергиликтүү күрддөр кагылышты. Араб тилиндеги "ал-Жазира" телеканалы түштүктөн Басра шаарынын сырты да бомбаланганын кабарлады. АКШ баштаган аскер күчтөрү Ирактын түштүгүндө бир нече шаарды ээлөө аракеттерин улантууда. Маселен Насирия шаарын көзөмөлдөө үчүн алар өткөн жума күндөн бери күрөшүп жатат. Атышуулар порттук Умм-Каср шаарында да жүрүүдө. Ирактагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Томми Фрэнкстин айтымында, соңку күндөрү коалициянын аскерлери көздөгөн багыттарын көздөй тездик менен жылууда. Ал эми Ирак Багдаддан 110 чакырым түштүк-батыштагы Кербела шаарынын жанынан АКШнын "Апач" үлгүсүндөгү эки тик учмасы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Америкалык жана кувейттик булактардын айтымында, бүгүн алардын "Пэтриот" тибиндеги ракетасы Ирак Кувейтти көздөй аткан ракетаны керектен чыгарган.

XS
SM
MD
LG