Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Армениянын Конституциялык соту С. Демирчяндын доо арызын карайт


Армениянын Конституциялык соту өлкөдө жакында болгон президенттик шайлоонун натыйжасын жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызды кароодон баш тартты. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 19-февралда жана чечүүчү экинчи айлампасы 5-мартта болгон.
Саясый өнөктүктүн биринчи айлампасында үчүнчү көп добуш топтогон талапкер Арташес Гегамян шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүп Конституциялык сотко кайрылган болчу.
Шаршемби күнү сот шайлоодо жеңилип калган башка бир талапкер Степан Демирчяндын ушундай эле маанидеги доо арызын карайт.
Оппозиция президент Роберт Кочарянды шайлоо учурунда мыйзамсыз жолдорду пайдаланып кайра шайланды деп күнөөлөшүүдө.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG