Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

Кыргызстанда СПИДдин жайылышын иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды


БИШКЕК. Бүгүн БУУнун Бишкектеги үйүндө «Кыргызстанда СПИДдин жайылуу проблемасы: анын экономикалык, социалдык жана психологиялык өңүттөрү» аттуу социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгынын бет ачаары болду. Иликтөө өткөн жылы ПРООНдун атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандын беш чөлкөмүндө жүргүзүлгөн. Ал СПИД илдетине каршы күрөшүүдө кайсы тармакка көңүл бөлүү керектигин аныктоо максатын көздөгөн. Анткени СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун 17 миллион долларлык гранты Кыргызстанга бөлүнгөндүктөн, аны кайсы багыттарда натыйжалуу пайдаланууну аныктоо зарыл болгон. Иликтөө Кыргызстанда акыркы эки жылда СПИД илдетине чалыдыккандардын саны кескин өскөндүгүн, мындай дартты жугузуп алгандардын 83% баңгилер экендигин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG