Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Жалалабад облусундагы Алабука-Чаткал жолун кар көчкүлөр бууп салды


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, облустун борборунан 420 чакырым алыс жайгашкан Чаткал районунда Акташ, Коргонсай, Башкытерек жана Чакмактуу кыштактарына каттоочу жол жабылды. Алабука-Чаткал жолунун 91-чакырымынан 106-чакырымына чейинки аралыктын 11 жерине жалпы көлөмү 90 миң куб метрлик кар көчкүсү түштү. Көчкүдөн жабыр тарткандар болгон жок. Жүргүнчүлөр көчкүнүн эки жагында күтүп турган унааларга жөө түшүүдө. Жол тазалоо жумушуна 27 ишкананын жумушчулары менен 5 техника каражаты тартылды.

XS
SM
MD
LG