Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Бишкекте эл аралык долбоорлордо иштөөчү кеңешчилер үчүн семинар башталды


БИШКЕК. Бүгүн «Аларча» мамлекеттик резиденциясында жергиликтүү консалтингдик компаниялар менен көз карандысыз кеңешчилер үчүн эки күндүк семинар башталды. Чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгы жана Азия Өнүктүрүү Банкы биргелешип өткөрүп жаткан бул семинарда эл аралык уюмдардын тендерине катышууга өтүнмө берүүнүн жол-жобосу тууралуу маалымат берилип, жергиликтүү консалтингдик компаниялардын иштешине зарыл ыкмалар үйрөтүлөт. Тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгы бүгүн тараткан маалыматка караганда, ал Рим декларациясына ылайык донор-мамлекеттердин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча Кыргызстанда ишке ашырыла турган үлгү программанын алкагында жергиликтүү кеңешчилерди даярдоо максаты менен жүргүзүлүүдө. Донор-мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын ишин жалпы координациялоо боюнча атайын жумушчу топту өкмөт 18-марттагы токтому менен түзгөн.

XS
SM
MD
LG