БИШКЕК. Кечээ камакка алынган «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дулатов 5 жылдан 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Ага «2-февралда киши уурдаган» деген айып коюлууда. Бул тууралуу бүгүн «Арнамыс» партиясынан кабарлашты.
2-февралдагы референдумга байкоо жүргүзүү максатында түзүлгөн коомдук штабдын байкоочусу катары Тынчтыкбек Дулатов айрым жарандардын ар кайсы участоктордо добуш берип жүргөн фактысын аныктаган. Мындай добуш берип жүргөн адамдардын бирөө кармалып, коомдук штабка алынып келинген. Бул окуяны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы киши уурдоо катары баалап, кылмыш ишин козгогон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган коомдук штабдын жетекчилери, «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү тынымсыз суракка алынып, 24-мартта Дулатов камакка алынды. Референдумга байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штабдын башчысы Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясы Дулатовдун камакка алынышын саясий куугунтук катары баалашууда.