БИШКЕК. Бүгүн Чолпоната шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Ага уюмга мүчө болгон алты мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу шейшемби күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, 28-мартка чейин созула турган бул жыйында Шанхай Кызматташтык Уюмунун ишмердүүлүгүн тейлөөчү документтер каралат. Ал документтерге ылайык уюмдун катчылыгы, каржылоо маселеси жана регионалдык антитеррордук структуранын иши аныкталат. Улуттук координаторлор жыйыны менен катар Чолпонатада регионалдык антитеррордук структураны ишке киргизүү боюнча эксперттик топтун да жыйыны өтөт. Шанхай Кызматташтык Уюмуна Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.