Баш прокурордун маалымат кызматы Леонид Козаченконун салык төлөбөй, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткандыгын кабарлады. Тергөө президент Леонид Кучманын буйругу менен үстүбүздөгү айда башталган эле. Президент дан-азыктарынын тартыштыгына жана нандын кымбаттап кеткенине тынчсыздануусун билдирген.