Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

АКШнын президенти Жорж Буш Ирактагы согуштун айманасындагы кырдаал улам өзгөрүп жаткандыгын эскертти


Ал согушту каржылоодо "ийкемдүүлүк" көрсөтүүнү Конгресстен суранганын бышыктады. Буш ошондой эле: «Биздин коалиция улам алга жылып баратат. Биз жакшы жылыш жасап жатабыз», - деди.
Бүгүн Иракта АКШ баштаган күчтөрдүн согушуу учактары Багдаддын түштүк тарабын бомбалашты. Бирок кумдуу бороон бир катар багыттарда коалиция аскеринин алга жылышына мүмкүндүк берген жок.
Насирия шаарынын айланасында салгылаш уланууда. Басра калаасында Ирак күчтөрү британ аскерлеринин чабуулунун мизин кайтарышты.
Ирактын маалымат министри Мохаммад Саид ас-Сахаф "Насирия менен Басранын ортосундагы салгылашта Ирак күчтөрү коалициянын сегиз аскерин өлтүрдү" деп ырастады.
"Мутхена провинциясында өткөн түнү жана таң эртең менен америкалык колонна менен айыгышкан салгылашуу болду. Жыйынтыгында Ирак жоокерлери 30 танк жана бронетранспортерду жана башка техниканы, америкалык үч вертолетту жок кылышты", - деди министр.

XS
SM
MD
LG