Жумурияттын ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы, полковник Мухамадзор Норуковдун айтымында, көпчүлүк учурда жаныбарлардын биринин өлүмү менен аяктаган ит, короз, чил ж.б. айбанаттардын күрөшү - дүйнөдөгү бардык диний ишенимдерге жана жөнөкөй моралдык принциптерге жат көрүнүш. Ошол эле учурда Борбор Азияда короздордун, иттердин жана ал эмес төөлөрдүн кармашын атайлап уюштуруп, адамдарды чогултуп акча табуу, же жөн жай көңүл ачуу – байыркы замандардан келаткан салт болуп калган.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.