Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Румыния, Словакия жана Словения документке расмий түрдө кол коюп, НАТОго кошулуу ниетин бекемдешет. Кол коюу аземи бүгүн түштөн кийин НАТОнун Брюсселдеги башкеңсесинде өтөт. 2004-жылдын май айында альянска жаңы жети мүчө кошулган соң, НАТОго бардыгы 26 мамлекет мүчө болуп калат.
НАТОго кошулууга чакыруу алган 7 өлкө Түндүк атлантикалык альянстын кеңейүү жөнүндөгү протоколуна кол коюшат