Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Бельгия, Франция жана Германиянын лидерлери келээрки айда кезексиз саммит өткөрүшөт


Ирактагы согушка каршы чыккан Европалык 3 өлкөнүн жетекчилери Брюсселде чогулуп, Европанын коргонуу жаатындагы биримдигин талкуулашат. Европа Комиссиясынын президенти Романо Проди бул жаңылыкты кызуу кубаттап, эгерде ага Еврошаркеттин башка да мүчөлөрү катышса, Европа Биримдигин күчтөндүрө алчу кадам жасаларын белгиледи. «Бир гана шарт - эгерде кимдир-бирөө кызматташтыктын бир тарабын күчөткүсү келсе, талкуу ачык өтүшү керек. Мен өзүм жабык, өзгөчөлөнгөн кызматташтыкты жактыра бербейм, ачык-айкын тилектештик гана Европадагы биригүүгө салым кошо ала»,- деп билдирди Проди.

XS
SM
MD
LG