Израил радиосу Вифлеемде бараткан машинеден жөөт аскерлерине ок атылганын кабарлады.Аскерлер жооп кайтарганга аргасыз болушкан, алардын огунан экинчи бир машинедеги10 жашар кыз каза тапкан. Женинде жөөт армиясынын танкынан атылган октордон 14 жашар өспүрүм жантаслим болуп, жанындагы бала жараат алды. Тель-Авивде палестиндердин "Ал-Акса азапкорлору" уюмунун 3 мүчөсү соттолуп, израилдиктерге каршы теракттарга катышы бар деген кине боюнча өмүр бою түрмөгө кесилишти.