Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:43

БУУ ирактыктарга биринчи кезекте АКШ жардам көрсөтүүгө тийиш деп эсептейт


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан эл аралык мыйзамдарга ылайык, согуштан жабыр тартып жаткан Ирактын калкына жардам көрсөтүү жоопкерчилигин АКШ өзүнө алууга милдеттүү экенин эскертти. Бул тууралуу Аннан шейшембиде америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен жолугушуу учурунда айтты. БУУнун басма сөз өкүлү Фрэд Экхард маалымдагандай, жолугушууда Аннан согуштан кийин БУУ Иракта аткарчу кызматтардын баары Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин атайын чечимдери аркылуу гана ишке ашырыларын белгилеген. Соңку күндөрү бир катар эл аралык уюмдар согуштан улам ирактыктар туш болгон оор шарттарына тынчсыздануусун билдиришкен. АКШнын Мамлекекеттик департаменти ирактыктарга жардам көрсөтүү иштери оңдолуп жаткан Умм Каср порту ачылар замат башталарын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG