Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Ирактын түштүгүндөгү Басра калаасынын босогосунда салгылаштар уланууда


Басранын өзүндө жергиликтүү тургундар Саддам Хусейндин бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыкты деген маалыматтар азырынча бышыктала элек. Ирактын маалымат министри Мохаммад Сауд Ал-Сахаф: "Басрада баары жайында, АКШ баштаган аскерлерге каршылык көрсөтүү уланууда", - деп ырастады. Ал эми британиялык полковник Крис Вернон шейшембиде Басрага жакын жерде британ аскерлери Ирактын 20дай жоокерин өлтүрүп, бийликтеги Баас партиясынын жетекчилеринин бирин колго түшүргөнүн билдирди. Андан тышкары Ан-Насария шаарындагы госпиталдан АКШнын деңиз аскерлери 200дөн ашуун курал-жарак, аскерий кийим-кечек жана химиялык куралдан коргоочу 3000ден ашуун чүмбөттөрдү тапканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG