БИШКЕК. Кыргызстанда мындан ары 29-март «Токой жана бак отургузуу күнү» деп белгиленет. Ага негиз берген токтомду өкмөт кабыл алгандыгын Токой кызматынын директору Туратбек Мүсүралиев бүгүн маалымат жыйынында кабарлады. Анын маалыматына караганда, мындай чечим айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана бак-дарак аянттарын көбөйтүү максаты менен кабыл алынды. Муну менен бирге жалпы өлкө боюнча жашылдандыруунун бир айлыгы башталып, аны өткөрүүчү республикалык штаб түзүлдү. Бул майрамга карата өкмөт 29-мартта Бишкектин жанындагы Чоңарык айылынын аймагында ишембилик өткөрүп, бир гектар жерге 6500 көчөт отургузат. Туратбек Мүсүралиевдин айтымында, мурдагы жылдардан айырмаланып быйыл жазында отургузулган көчөт күзүндө толук каттоодон өткөрүлөт.