Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору жооптуу кызматка сунушталды


БИШКЕК. Аксы окуясына байланыштуу кызматынан алынган мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаевди президент А. Акаев Чүй облустук сотунун төрагалыгына бекитүүгө сунуштады. Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети Ч. Абышкаевдин талапкерлигин жактырып, аны палатанын кароосуна сунуш кылды. Депутаттар бул маселени бейшемби күнү карашмакчы. Бүгүн болсо эл өкүлдөрү Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин аткарып жаткан иштери боюнча маалымат угушту.

XS
SM
MD
LG