Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Өкмөт башчысы кыймылсыз мүлккө салык киргизүүнүн себептерин түшүндүрдү


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев кыймылсыз мүлккө салынчу салыкка арналган маалымат жыйынын өткөрүп, «коомдо бул салыкты киргизүүгө байланыштуу карама-каршы көз караштардын пайда болушуна негиз жок» деп билдирди. Анын айтымында, бул салык ириде жергиликтүү бийлик органдарынын каражат жагынан көз карандысыздыгын камсыз кылып, социалдык абалын жакшыртууга багытталган. Мындан тышкары менчиктештирүүнүн алгачкы баскычында ири объектилерди арзан баага сатып алып, азыр иштетпей турган менчик ээлеринин жоопкерчилигин жогорулатып, алардан мамлекетке пайда алуу максаты бар. Премьер-министрдин билдирүүсү боюнча мындай аракет Кыргызстандын эл аралык финансы институттарынан карыз ала албай турган абалынан улам келип чыкты. Анткени алар өлкө өз чөнтөгүнө жараша жашай турган болсо быйыл анын тышкы карызынын үчтөн экисин, 2004-жылы калган бөлүгүн жоюу ниетин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG