Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Премьер-министр Н. Танаев Украинага иш сапары менен кетти


БИШКЕК. Бүгүн кечинде премьер-министр Николай Танаев Украинага расмий иш сапары менен жөнөп кетти. 28-мартка чейин созула турган иш сапарынын учурунда Кыргызстандын өкмөт башчысы Киевде Украинанын президенти Леонид Кучма, премьер-министри В. Янукович менен жолугушат. Эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын катышуусу менен кыргыз-украин өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөрүлөт. Иш сапарынын учурунда Украинанын Кыргызстанга СССР убагынан берки 27 млн. доллар өлчөмүндөгү карызын төлөө маселеси да козголот. Андан тышкары эки өкмөт ортосунда билим берүү, айыл чарба тармактарында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлат. Кыргыз делегациясынын курамында финансы министри Болот Абилдаев, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюк, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков бар.

XS
SM
MD
LG