Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Оболу Индия, андан кийин Пакистан өзөктүк ракеталарын сынактан өткөрүштү

Пакистандын тышкы иштер министрлигинин айтымында, кыска аралыкка учуучу ракетанын сыналышы тууралуу Исламабад Нью-Делиге алдын ала эскерткен.
Министрликтин маалымат катчысы Азиз Ахмед Хан "Индия бүгүн жерден жерге атуучу өзөктүк дүрмөт ташууга даремети бар ракетасын сынаганда, Пакистанга алдын ала маалымат жиберген жок",- деп билдирди.
Индиянын "Принт Хви" же "Жер" деп аталган ракетасы өлкөнүн чыгышындагы Орусса штатында ийгиликтүү сынактан өттү. Бул ракета 150 чакырымга чейинки аралыкка бир тонна салмактагы өзөктүк дүрмөттү жеткире алат.
​
XS
SM
MD
LG