Ирак согушуна AКШнын президенти дээрлик 75 миллиард доллар сурады. Ак Үйдүн документтерине ылайык, Израил атайын согуштук жардамга бир миллиард, карызга 9 миллиард алат.
АКШга аба мейкиндигин пайдаланууга берген Туркияга да бир миллиард экономикалык жардам жана 8 миллиарддан ашык карыз бөлүнөт. Иордан 1 миллиард, Египет менен Ооганстан 300 миллиондон, Пакистан 175 миллион алат. Палестиналык аймактарга 50 миллион ажыратылат. Польша, Венгрия, Чех Жумурияты ар бири 15 миллиондон, Румыния, Словакия, Словения жана Филиппин да жардам алат. Ирак согушун кызуу колдогон Өзбекстандын бийлигин АКШ кандай ыраазы кылаары маалым эмес.