Испаниянын борбору Мадридде 10 миң чакты киши тынчтык жүрүшүнө катышты. Ал эми Барселонада жана Зарагозада полиция бир кишини камакка алды, бир нечеси жарадар экени кабарланууда.
Австралиянын Сидней калаасында бир нече миң студент маршка чыгып, полицияны көздөй шише, жумуртка, желим отургучтарды ыргыта баштаганда, 18 киши камакка алынды. Австралиянын өкмөтү Иракка каршы согушка 2 миң аскер жиберген.
Түштүк Кореянын башкалаасы да полиция менен студенттердин кагылышуусуна күбө болду. Полиция АКШ элчилигинин дарбазасынан ашып түшүүгө аракеттенген 30 кишини камакка алды.
Индонезиянын башкалаасы Жакартада чогулган 300 чакты демонстрант Жорж Буштун сөлөкөтүн өрттөштү.