Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Багдады бомбалоо улантылууда


Багдадда калк жашаган ооданга түшкөн эки ракетанын айынан 14 киши набыт болду.
Ирактык офицер Хамад Абдулла дагы 30 чакты киши жараат алганын бышыктады.
АКШ баштаган күчтөр бүгүн Багдаддын чет-жакасын жана Түндүк Иракты бомбалашты. Алардын бир бөлүгү түштүктөгү Басра шаарына басып кирүүгө камдуу турушат. Британ армиясынын маалымат катчысы капитан Эл Локвуд мындай деди:
- Биз билгенден, Басрада шаар тургундарын басып турган бийликтеги Баас партиясына каршы көтөрүлүш чыкты. Абал өтө жаман окшойт, алар элди кыра башташты. Биздин жетинчи бригада жооп кайтарып, Баас партиясынын штаб квартирасына бомба таштадык.
Тегерандагы Ирактык шииттердин оппозициячыл тобу Басрада эч кандай козголоң чыккан жок деп билдирди.
Британиянын тышкы иштер министри Жефф Хун: "Алты күн ичинде Иракта ал-Фау жарым аралы, Умм Каср порту жана түштүк мунай кендери коалицялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү", - деп ырастады.
Бүгүн ошондой эле Нежеф шаарында жүздөгөн ирак жараны набыт болгону тууралуу такталбаган маалымат келип түштү. Ал эми түштүктөгү Насирия шаарынан 40 чакырымдай аралыкта америкалык аскерлер куралданган ирактыктардын айыгышкан каршылыгына туш болушту.

XS
SM
MD
LG