Алардын арасында Нобель сыйлыгынын эки лауреаты бар экен. Жер миналарын колдонууга каршы уюштурган кампаниясы үчүн Нобель сыйлыгына арзыган Джоди Ульямс жана сыйлыкты Түндүк Ирландиядагы бейпилдик иштери үчүн алган Мэйрид Корриган Магуайр Вашингтондо, Ак үйдүн жанындагы демонстрацияны токтотуу жөнүндөгү талапка көнбөгөндөн кийин башка катышуучулар менен бирге кармалышкан. Шаршемби күнү Испанияда, Австралияда, Түштүк Кореяда антисогуштук демонстрациянын катышуучулары полиция менен кагылышкан эле.