Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирак маселесин талкуулай баштады


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Коопсуздук Кеңешиндеги талкууларды ачып жатып, анын мүчөлөрүн Ирак проблемасы боюнча пикир келишпестиктерди четтетүүгө чакырды. К.Аннандын пикиринде,ири өлкөлөр ортосундагы ажырым бүткүл дүйнөдөгү кырдаалды дестабилдештирип жатат.Дүйнөлүк коомчулук Иракта гуманитардык катастрофаны алдын алууга бөтөнчө көңүл бурушу керек. БУУ өлкөдөгү ишин кайра баштамайынча Ирактын калкына жардам көрсөтүүдөгү жооперкчилик - аскер операцияны жүргүзүп жаткан АКШ менен Британиянын мойнунда. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү ич ара пикир келишпестиктерге карабай алдыдагы күндөрдө Иракка тиешелүү "азык түлүк үчүн мунай программасын "өзгөртүү маселесинде мунасага жетебизби деген ишенимде турат. Ал эми Ирактын БУУдагы элчиси Мохамед ал-Дури АКШ менен Британиянын аракетин "ачык агрессия" катары баалап, Коопсуздук Кеңешин аталган эки өлкөнүн жоопкерчилиги жөнүндөгү маселени кароого чакырды.

XS
SM
MD
LG