Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

Владимир Путин Чеченстанга мүмкүн болушунча кеңири автономия берилээрин жарыялады


Чеченстандын маскөөчүл лидери Ахмад Кадыров менен сыналгыдан чыгып сүйлөгөндө Орусиянын президенти В.Путин чечен жикчилерине жаңы мунапыс жарыяланаарын кошумчалады.
Кечээ Чеченстанда 4 орус аскери минага жарылып набыт болду. Чеченстандын Чукул Кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, кырсыкта дагы үч киши жараат алды. Өткөн жекшембиде Чеченстанда Кремль сунуш эткен конституция жактырылган эле. Жикчилер референдумдун жыйынтыгын "саясий фарс" деп четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG