Бул тууралуу британ армиясынын маалымат кызматы билдирүү таркатты. Такталбаган маалыматка ылайык, Ирактын көзгө басар порту болгон Умм Касрдын жанында өткөн түнү табылган миналар британ кемелерин алып келүүгө бөгөт болду.
230 тонна азык-түлүк, дары-дармек, таза суу жүктөлгөн британ кемеси азыр Умм Касрдын жээгинде турат. Портту коалициялык аскерлер ушул жуманын башында өз колуна алышты.
Портко кечээ Кувейттен кан жол аркылуу согуштук машиналар менен жардам жеткирилди.