Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:42

Бүгүн Ирак согушу экинчи аптага аяк басты


Ирактын саламаттык министри Омид Медхат Мубарак бир жумада бардыгы болуп 350 киши набыт, 4 миңи жарадар болгонун маалымдады.
Пентагон АКШ тараптан 24 аскер каза таап, жетөө туткунга түшүп, 10у дайынсыз жоголгонун билдирди. Британия 20 аскери окко учуп, экөө дайынсыз экендигин айтууда.
Бүгүн Орусиялык дипломат "Ирактагы гуманитардык кризис үчүн АКШнын жана Британиянын куралдуу күчтөрү жоопкер" деп билдирди. Тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов Ирактагы согушту "баскынчылык" деп мүнөздөдү. Парижде Франциянын өкмөт өкүлү "Иракка 10 миллион доллар гуманитардык жардам берилет" деп билдирди.
Согуш майданында Британиянын армиясы бүгүн Басра шаарынан чыгып бараткан 14 танкты жок кылганын маалымдады. АКШ баштаган коалиция күчтөрү бүгүн Багдадды бомбалоону улантышты. Ал эми түштүктө Багдадга бараткан америкалык аскерлерге ирак күчтөрү улам кайра кол салып жатышканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG