ЖАЛАЛАБАД. Облустук жетекчиликтен бүгүн алынган маалымат боюнча, АКШнын ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү Трейси Эдвард менен Мишель Жерар Жалалабад шаарындагы «Боорукердик» аттуу борборго 50 таңылчак кийим-кече тапшырды. ЮСАИДдин бул өкүлдөрү борбордун ишине ыраазы болушуп, облустун кайрымдуулук уюмдары менен мындан ары кызматташаарын билдиришкен. Анткени айына кароосуз калган 60 киши акысыз тамактанып жаткан борборго шаар мэриясы быйыл 300 миң сом каражат бөлүштүргөн. «Боорукердик» борборуна берилген аялдар менен эркектердин кийимдерин эл аралык террорчулукка каршы күчтөрдүн Бишкектеги Ганси аба базасында кызмат өтөгөн америкалык аскерлер топтошкон. Кийимдер муктаж адамдарга бөлүнүп берилди.