Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:06

«Вечерний Бишкек» БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылат


БИШКЕК. «Вечерний Бишкек» гезити уюштурган акциянын негизинде редакцияга 14-марттан бери ар кандай согуштарга каршылык билдирген 20 миңден ашык купон келип түштү. Бул тууралуу бүгүн гезиттин башкы редактору Ольга Безбородова маалымдады. Анын айтымында, согушка каршы болгондордун саны Ирактагы согуш башталгандан бери кескин өсүп кетти.
Гезит жамааты чогулган купондорду 28-мартта почта аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жолдойт. Буга байланышкан иш-чарага гезит жамаатынан тышкары коомчулуктун өкүлдөрү жана журналисттер чакырылды. «Вечерний Бишкек» 14-мартта «Биздин резолюция - согушка жок дейбиз» деген аталышта дүйнөдөгү бардык согуштарга каршы акция баштаган жана ошондон бери гезит ар бир санына өз купонун басып келатат. Башкы редактордун айтымында, бул акция мындан ары да уланат.

XS
SM
MD
LG