Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Бишкекте Ирактагы согушка каршы митинг өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Алатоо аянтында Ирактагы согушка каршы митинг өттү. Ага 2 миңге жакын киши катышып, «Согуш токтотулсун!», «Согушсуз тынчтык үчүн!», «Буш - милитарист» деген өңдүү жүздөгөн ураандар көтөрүлдү. Митингде Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу, «Атамекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекова, экологияны изилдөөчү окумуштуу, илим доктору Кулубек Бөкөнбаев өңдүү коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер сөз сүйлөштү. Акырында дүйнө коомчулугуна кайрылуу кабыл алынды. Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын демилгеси менен өткөн бул митингге КООРТ телекомпаниясы менен «Вечерний Бишкек» гезити маалымат жагынан колдоо көрсөтүштү. Митингге Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун жетекчилиги уруксат берген.

XS
SM
MD
LG