Уюмдун башкы директору Коитиро Мацууранын атынан таратылган билдирүүдө Иракта дүйнөнүн маданий байлыктарынын бир бөлүгү жайгашканы айтылган.Ушундан улам ЮНЕСКОнун баш директору АКШны согуш аракеттери учурунда мүмкүн болушунча андай маданий жактан баалуу жайларга зыян келтирбөөгө үндөдү. ЮНЕСКО өкүлдөрүнүн айтымында, аларда Ирактын түндүгүндөгү Тикрит жана Мосул шаарларында музейлер талкаланганы жөнүндө маалымат бар.