Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

АКШ Түркия чоң катачылык кетирди деп эсептейт


Түркияга Ирактагы согушка байланыштуу өлкөдө америкалык аскерлердин жайгаштырылышына уруксат бербөө менен чоң катачылык кетирди, деп билдирди АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц.Ал бул тууралуу Конгрессте сүйлөгөн учурунда айтты.Пол Вулфовиц белгилегендей,учурда Түркия Иракта аскердик тапшырма аткарып жаткан учактарга өлкөнүн аба мейкиндигин колдонуусуна мүмкүндүк берүүдө.Ал эми президент Ж.Буштун Түркияга 1 миллирад доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү караган жакынкы чечими - АКШнын кызыкчылыгындагы маселе. Вашингтон Түркиянын алсырап турган экономикасын колдоо керек деп эсептейт.Америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндөгү түрк өкмөтүнүн өтүнүчүн өлкө парламенти кабыл албай койгон эле.

XS
SM
MD
LG