Бейшемби күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында антисогуштук манифестациянын 150дөй катышуучусу камакка алынды.Алар шаардын эң жандуу көчөлөрүнүн биринде узунунан жолго жатып алышып,жол кыймылын эки саатка токтотушкан. Демонстранттар өзүлөрүнүн мындай кадамы менен Ирактагы согуштун курмандыктарын эске салып жатканын билдиришти. Антисогуштук демонстрациялар бейшемби күнү Алжирде,Ливанда, Германияда,Египетте, Палестинада, Индонезияда жана Кыргызстанда да болду.